«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын директору акча кымырууга шектелүүдө

20 июля 2023, 12:07

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. мыйзамсыз пайдаланган.

Тагыраагы, “Э.Т.” ЖЧК менен откананы жалпы суммасы 4 млн 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери “Э.Т.” ЖЧКсы тарабынан жасалбаганы тууралуу маалыматтар алынган, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекеттик ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген.

Э.К. кечээ, 19-июлда кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.