Коррупцияга шектелип, 12 мамлекеттик кызматкер кармалды

11 июня 2020, 13:00

Финансы полициясы тарабынан, транспорт министрлиги алдындагы  Бишкек – Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын башкы директору жана «Сосновка», «Кара-Көл» тунель өтмөгүнүн жетекчилери коррупцияга шектелип, кармалды. Бул тууралуу финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Коррупцияга шектелип, дагы 12 кызматкер кармалды.

Мамлекетке келтирилген зыян болжол менен 20 млн сомду түзгөн.

«Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында Транспорт министрлигинин башка кызматкерлери дагы коррупцияга шектелүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.