Коррупцияны кабыл алуу индексинде Кыргызстан артка кетти

25 января 2022, 17:00

Кыргызстан былтыр коррупцияны кабыл алуу индексинде позициясын начарлатты. Эл аралык уюмдун рейтингинде өлкө 183 мамлекеттин ичинен 148-орунду ээледи.

Өкмөттүк эмес "Transparency International" уюму жылдык изилдөөсүндө дүйнөдөгү мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлине баа берет. Өлкө канчалык көп упай алса, эксперттер коррупциялык кырдаалды ошончолук оң баалашат. Кыргызстан бул жолу 100 баллдык системада 27 упай алган.

Салыштыра турган болсок, коңшу өлкөлөр Казакстан - 37, Тажикстан - 25 балл алды. Ал эми рейтингдин башында Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия турат.