COVID-19 менен күрөшүү үчүн ачылган ататйын эсепке бир сутка ичинде 9.3 млн сом түштү

27 марта 2020, 13:00

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска каршы ачылган атайын эсебине бүгүнкү күндөгө которулган каражаттардын суммасы - 44 млн 584 миң 120 сом түздү.Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди. 

Эсепке мобилдик банкинг аркылуу которуу финансы министрлигинин сайтында жайгашкан. Акыркы бир сутканын ичинде эсепке 9 млн 290.2 миң сом которулган.