Кожошев ККМди колдонууга каршы митингге чыккандар менен жолугушту

27 декабря 2021, 14:47

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев контролдук кассалык аппаратты милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы митингге чыккан ишкерлер менен жолугушту.

Кожошев жарандардын аргументтерин жана сунуштарын угуп, өлкөнүн фискалдык саясатына жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Митингчилер ага мамлекет башчынын атына жазылган кайрылууну тапшырышты.

Министрлер кабинеттин жетекчисинин биринчи орун басары кайрылууну кароонун жыйынтыгында Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, анда аларды тынчсыздардырган бардык маселелер талкууланарын белгиледи.