Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат

18 января 2023, 15:02

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 21-январдан тарта жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

“Эркечтам” бекети аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 25-январдан тарта калыбына келтирилет.

Ал эми “Торугарт” пункту ушул эле күнү Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттарын жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантат.