Кыргыз-кытай чегарасы убактылуу жабылат

11 июня 2021, 11:00

Кытай Эл Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Унаалардын жана товарлардын өтүүсү ушул жылдын 14-июнунда токтотулат. Текшерүү пункту 2021-жылдын 15-июнунда өз ишин улантат.

Эске салсак, "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрүү пункттары Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.