Кыргызстанга 4000 кг жезди мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

4 сентября 2020, 13:20

ЕАЭБтин бажы аймагынан 4000 кг түстүү металдын калдыктары мыйзамсыз алынып келе жаткан факты аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты. 

 Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында «Н.Ж.Н.», аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы «DAF XF 430» үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотуп текшеришкен. Жыйынтыгында мыйзамсыз ташылып келе жаткан  4000 кг, (түстүү металдын калдыктары) жез табылган. Кармалган товардын баасы 800000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.