Кыргызстанда 41,7 миң абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөн
Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Ал жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктаганын айтып өттү.
«Жалпы республикалык тестирлөө 3 баскычта өтөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап 24-25-июнда, үчүнчү этап 11-12-июлда өтөт», - деди ал.