Кыргызстанда айыл чарба продукциясы 13% кымбаттады

25 ноября 2020, 15:40

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө айыл-чарба товарларына болгон баанын көлөмү Казакстанда эң көп – 13.5% жана Кыргызстанда – 13.1%  жогорулаган. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия маалымдады. 

ЕЭКтин маалыматына ылайык, Белорусияда баанын саны 7.7% өскөн. Армения жана Россияда баалар тескерисинче 2.6% жана 2.1% төмөндөгөн. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өсүмдүк өстүрүү тармагындагы продукциянын баасы бир жыл ичинде 21,2% га, мал чарбачылыгы - 5,5% га жогорулады.