КР акчалардын басымдуу бөлүгү Орусиядан которулат

21 августа 2020, 11:45

Кыргызстанга которулган каражаттардын көлөмү жарым жыл ичинде, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу  13.2% төмөндөгөн. Бул тууралуу экономика министрлиги маалымдады. 

 

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөгө чет жерден 977.1 млн доллар акча которулган. Ал эми 2019-жылдын ушул эле убакыт аралыгында бул каражаттын көлөмү 1 млрд 126.4 млн сомду түзгөн. 

 

Кошумчалай кетсек, каражаттын басымдуу бөлүгү  Орусиядан которулган.