Быйыл Кыргызстанда 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон 300 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.
«Жалпы электр энергиясын колдонгон 1 млн 450 миң абонент бар. Алардын 215 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулган. Эсептегичтер 2013-жылдан бери коюла баштаган. Алардын басымдуу бөлүгү «Түндүк электр» ишканасынын абоненттерине коюлган. Быйыл 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат. 2024-жылга карата акылдуу эсептегичтер баардык абоненттерге коюлат», -деди ал.
Ал абоненттер 2 категорияга бөлүнөрүн айтып, биринчиси электр энергиясын күнүмдүк колдонгон жарандар болсо, экинчиси – ишкана, мекемелер.
«Акылдуу эсептегичтер биринчи кезекте ишкана-мекемелерге жана үч фаза, электр энергиясын ашыкча колдонгон абоненттерге коюлат», - деди ал.
Анын айтымында, мекеме-ишканалар эсептегичтерди өздөрү орнотот. Ал эми катардагы жарандарга эсептегичтерди сүйлөшүү, келишим аркылуу орнотуу каралууда. Маселен, эгер абонент эсептегичти өз каражатына орнотсо, ага чыгымы электр энергиясы менен кайтарылат.