Чек арадан аткезчилик товар алып өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

17 марта 2021, 17:10

2021-жылдын 16-мартында Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга алынып келинген аткезчилик товарга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылына жакын жерде чек арачылар Тажикстандын 1985-жылы туулган С.Х. аттуу жаранынын башкаруусундагы Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Ал өткөрүү пунктунан тышкары Тажикстандан Кыргызстандын аймагына жалпы салмагы 1475 килограмм болгон кургатылган жемиштерди алып өтүүгө аракет кылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 265 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.