Кыргызстанда азык-түлүк баалары бир жыл ичинде 9.3% кымбаттаган
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында азык-түлүк баалары, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9.3% жогорулаган.
Бул Евразия экономикалык бирикмедеги эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч боюнча Казакстан өлкөсү лидерлик кылат. Себеби, бир жыл ичинде өлкөдө тамак-аш азыктарына болгон баа 10.8% кымбаттаган. Андан кийинки баанын өсүүсү Арменияда катталган. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу баа 1.6% өскөн.
Кошумчалай кетсек, азык-түлүк эмес товарлардын жана акы төлөнүүчү кызматтардын баалары 1.4% жана 0.3% өзгөргөн.