Кыргызстанда байланыш тармагына болгон талап жогорулады

20 мая 2020, 12:50

2020-жылы байланыш кызматтарынын өсүүсү 102% түзгөн. Бул маалыматты экономика министрлиги билдирди. 

 

Белгиленгендей, индикаторлордун өсүшү, мамлекеттик жана жеке уюмдардын аралыктан иштөөгө өтүшү менен байланыштуу болгон. 

«Андан сырткары пандемия учурунда байланышка болгон талаптын студенттер, окутуучулар, окуучулар тарабынан өсүшү менен шартталган», — деп айтты экономика министри Санжар Муканбетов. 

Кошумчалай кетсек, кызмат көрсөтүү тармагынын ичинен байланыш 6.7% түзөт.