Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын импорттойт

11 августа 2021, 13:30

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Келишимге энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту, деп билдирди Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Маалым болгондой, Түркмөнстан 9-августка чейин 19,2 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон.

Ошондой эле Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.