Кыргызстан кыргыз-орус ишканасынан электр энергиясын сатып алат

29 марта 2023, 15:02

Бүгүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жыйынында “Бишкек Солар” менен россиялык Unigreen Energy компаниясынын ортосунда биринчи күн электр станциясын куруу долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюу талкууланды.

Эске салсак, Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 мегаватт болгон биринчи күн станциясынын курулушу башталган. Бүгүн кол коюу пландалып жаткан келишимдин шарттарына ылайык, курулушту орусиялык компания каржылайт, бирок ишкана 25 жылга өндүрүлгөн энергиянын ар бир киловаттынан 4,25 сомдон алуу шарты менен ишке ашат.