Кыргызстанда бюджеттин ачыктыгы боюнча индекс 63 баллды түздү

12 декабря 2020, 12:00

Кыргызстанда бюджеттин ачыктыгы боюнча индекс 63 баллды (100 балл)  түздү. Бул тууралуу, 11-декабрда финансы министри Кыялбек Мукашев билдирди. 

Салыштырып караганда, бул индекстин көрсөткүчү Россияда - 74 балл, Украинада - 63 балл, Казакстанда - 58 баллды түзөт. 

Кыялбек Мукашев өз сөзүндө, эл аралык донорлор менен иштешүүдө бюджеттин ачыктыгы маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Буга байланыштуу бюджеттин ачыктыгын жакшыртуу үчүн приоритеттүү максаттары бар экенин билдирди. 

 

«Кийинки жылдарга министрликтин артыкчылыктуу максаттарынын бири  - Кыргызстандын жарандарына эмгек акыларын, пенсияларын жана жөлөкпулдарын төлөө боюнча артыкчылыктуу милдеттенмелерди аткаруу», - деп кошумчалады Мукашев.