Кыргызстанда жыл башынан бери депозиттик портфелдин көлөмү 19 млрд сомго өскөн

30 декабря 2020, 11:00

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик портфели ноябрь айынын аягында 172.8 млрд сомго чыкты. Жыл башынан бери 19 млрд сомго жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылат. 

 

 

Улуттук валютадагы депозиттин көлөмү 96.3 млрд сомду, чет элдик валютадагы - 76.4 млрд сомду түздү. 

Бүгүн улуттук валютадагы депозиттин орточо ставкасынын көлөмү 6%, чет элдик валютадагы - 1.2% түздү.