Кыргызстан Орусия менен күйүүчү майдын көлөмүн пошлинасыз көбөйтүүнү талкуулап жатат

8 сентября 2021, 16:10

Министрлер кабинети орус өкмөтү менен экспорттук алымдарды төлөбөстөн берилүүчү  бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жылына 460 миң тонна бензин пошлинасыз жеткирилет.

Учурда орус тарап 398 миң тонна бензин импорттоду, дагы 62 миң тонна келиши керек.