Кытайдан алган карызды төлөө мөөнөтү узарды

11 ноября 2020, 17:00

Кытай Кыргызстандын насыя төлөө боюнча мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана Кытай тарап узартуунун чоо-жайын айтпоону суранды. Буга чейин Татиков “Акчабарга” берген маегинде Кыргызстан Кытайга жылына төрт жолу: январь, март, июль жана сентябрь айларында төлөм жүргүзүп турушу керек деп айткан.

"Азыр араб донорлору - Абу-Даби Фонду, Сауд Аравиясы жана Кувейт Фонддору, Түркия Республикасы жана Париж клубунун мүчөлөрү - Германия, Түштүк Корея, Япония, Франция жана Дания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Татиков.