Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде Казакстанды артта калтырды

19 февраля 2021, 12:00

Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Армениядан ашып өтүп, 52-орунду ээледи. Бул тууралуу Туруктуу өнүгүү боюнча 2020-жылдагы отчетто айтылды. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасы Беларусиядан кийин экинчи орунда турат. Үчүнчү орунду Россия, андан кийин Казакстан, ал эми акыркы орунду Армения ээледи.

Кыргызстанда бир эле мезгилде туруктуу өнүгүүнүн төрт, Беларусияда, алты максаты жакшыртылганы байкалууда. 

Эң начар көрсөткүч төмөнкү багыттарда байкалган:

  • татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш;
  • инновацияларды жана инфраструктураны индустриялаштыруу;
  • тынчтык, адилеттүүлүк, натыйжалуу институттар.

Эске салсак, 2016-жылдан бери дүйнө жүзүндө 2030-жылга чейин Туруктуу Өнүктүрүү күн тартиби - жигердүү трансформация планын ишке ашырууга киришти, ал курч глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Туруктуу Өнүгүүнүн 17 максатына негизделген.