Кыргызстанда эл каттоонун мөөнөтү жылдырылды

19 марта 2020, 09:00

Кыргызстанда эл каттоонун мөөнөтү жылдырылып, бир айга кеч – 23-апрелден 1-майга чейин болуп өтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин болуп өтмөк.