Кыргызстан Европа Биримдигинен жардамдын көлөмүн жогорулатууну өтүндү

18 марта 2021, 10:15

Кыргызстандын экономика министри Европа Биримдиги аркылуу Кыргызстанга берилген жардамдын көлөмүн 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык индикативдик программанын негизинде көбөйтүү тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу экономика министрлигинин сайтында маалымдалат.

 

17-мартта экономика министри Улукбек Карымшаков менен Европа биримдигинин башкы өкүлү Эдуард Ауэр жана башка кызматкерлер менен жолугушту.

Жолугушууда мындан аркы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан сырткары, 2021-2027-жылдарга карата программанын негизинде каржылоонун көлөмүн көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Европа биримдигинен финансы жана техникалык жардамдарды алуу боюнча макулдашууга жетишишти», - деп жазылат маалыматта.