Кыргызстан ГЭС курууга инвестор издеп жатат

21 февраля 2020, 10:45

Кыргыз Республикасы Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна инвесторду тартуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу өлкө башчы  Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга киргизүү жана Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

«Жакынкы убакта CASA-1000 электр чубалгыларын орнотуу боюнча иштер башталат. Бул долбоор биздин электр энергиясын экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү көбөйтөт»,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.