Кыргызстан менен Беларус ЕЭК Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талкуулашты

7 октября 2021, 10:40

Кыргызстан менен Беларустун тышкы иштер министрлери 2021-жылдын 6-октябрында бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйналыштарынын күн тартибинин уюштуруучулук аспектилерин талкуулашты.

Бул иш-чаралардын баары октябрда Минскте өтөт.