Кыргызстан менен Катар соода-экономикалык мамилени бекемдешет
Кыргызстан менен Катар соода-экономикалык жана инвестиция боюнча мамилени мындан ары дагы бекемдейт. Бул тууралуу 8-сентябрда өткөн КР Катардагы убактылуу ишенимдүу өкүлү Авазбек Атаханов менен эл аралык мамилелер департаментинин директору жана Катар Мамлекетинин коммерция жана өнөр-жай Министри Ахмед Акин менен болгон жолугушууда айтылды.
Жолугушууда андан сырткары, кыргыз-катар Өкмөттөр аралык экономикалык комиссия экинчи отурумун, соода жана техникалык мамиле, кыргыз-катар бизнес кеңешинин биринчи отуруму тууралууу талкуулашты.
Авазбек Атаханов, Кыргызстан айыл-чарба товарларын Катарга экспорттого кызыктар экенин билдирди.