Кыргызстан менен Корея жер маалыматын башкарууну жакшыртат

26 октября 2022, 09:49

Кыргызстанда 36 айга эсептелген “Геодезиялык координаталар системасын кайта өзгөртүү” пилоттук кыргыз-корей консалтинг долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун негизги максаты Кыргызстан үчүн оптималдаштырылган глобалдык геодезиялык системага өтүү аркылуу санариптик геомейкиндиктик инфраструктураны ишке ашыруу жана жер маалыматын башкарууну өнүктүрүү.

Долбоор Айыл чарба министрлигинин Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасы, кореялык “LX” корпорациясы жана “GEO2” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда.

“Бул долбоор “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасынын максаттарын эске алат, буга байланыштуу жер ресурстарын жана алардын абалын баалуу байлык катары такай эсепке алуу зарылчылыгы бар. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, анын ичинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат”, - деп билдирди жыйында “Кыргызгипрозем” ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдиев.

Кыргызстандын Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова кореялык кесиптештер менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бул долбоор жердин санариптик графикалык базасын түзүү технологиясын графикалык эсепке алуунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.