Капиталы 100 млн долларлык «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» ишканасы түзүлдү

20 апреля 2023, 11:07

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу, ошондой эле кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо максатында “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат.

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд АКШ долларына чейин болот. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт. Башкача айтканда кыргыз тараптан 2,5 млн АКШ доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.