Кыргызстан менен Пакистан электрондук соода аянтчасын түзөт

16 марта 2023, 12:08

Кыргызстан — Пакистан соода-инвестициялык форумунун жүрүшүндө соода-электрондук аянтча түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин жетекчиси Данил Ибраев жана Глобалдык бизнес альянсынын жетекчиси Мухаммад Асиф Нур кол коюшту.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев белгилегендей, учурда онлайн соодага активдүү өтүү жүрүп жатат.

"Санариптик сооданын келечеги чоң. Меморандумга кол коюу эки өлкөнүн ишкерлеринин мындан да тыгыз иштешине өбөлгө түзөт", — деди Темир Сариев.