Кыргызстан менен Словения экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү каалайт

7 ноября 2021, 09:51

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев 6-ноябрда ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн келген Словениянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Станислав Рашчан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин көтөрүштү. Тактап айтканда, Ниязалиев кыргыз тараптын словения менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Станислав Рашкан Кыргызстан менен экономикалык чөйрөдө кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирип, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-словения өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Словениянын эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.