Кыргызстан менен Түркия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

5 февраля 2020, 14:10

3-февралда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы алакаларды жана энергетика жана жер байлыктарын колдонуу тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Түркиянын аталган тармактардагы чоң тажрыйбасын эске алуу менен, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Фатих Дөнмезге Кыргызстандын энергетика жана жер реурстарын пайдалануу тармактарындагы инвестициялык долбоорлорун, аларга түркиялык мамлекеттик жана жеке ишканаларын катыштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар Түркиянын энергетика жана жер байлыктарын колдонуу министрлиги түрк ишканаларын Кыргызстандын ГЭС куруу жана кендерди иштетүү долбоорлору менен тааныштырып, анын жыйынтыгы менен түрк делегациясынын Кыргызстанга деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында расмий иш сапары уюштурулушу мүмкүн деп сүйлөшүштү.

Энергетика тармагына инвестиция тартуу максатында, Кубанычбек Өмүралиев Фатих Дөнмезди өлкөнүн энергетикалык потенциалы жана Кыргызстандын электрэнергиясын региондун башка мамлекеттерине экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдады. Ошондой эле Элчи CASA -1000 долбоору аяктагандан кийин Кыргызстан электрэнергиясын жана ГЭС өндүрүшүн Афганистан, Пакистан жана Индияга экспорттоого мүмкүнчүлүк ала тургандыгы тууралууайтты. Андан сырткары Кыргызстандын жер байлыктарын колдонуудагы потенциалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, бизнес жүргүзүү шарттары жана КР сырткы товар айлануусу тууралуу кеп болду.

Кубанычбек Өмүралиев түркиялык мамлекеттик жана жеке компанияларын 2020-жылдын жайында Ысык-Көлдө өтө турчу Кыргыз-Түрк бизнес-форумуна катышууга чакырды.