КР менен Өзбекстан  10 млн долларлык инвестиция долбоорун ишке ашырат

6 декабря 2019, 10:45

5-декабрда Ташкентте КР Өзбекстан мамлекетиндеги Өзгөчө кырдаал жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов менен Artel компаниясынын башкы директору Дильмурад Гаиповдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМ официалдуу сайтында маалымдалат. 

Жолугушууда эки тарап, жалпы суммасы 10 млн $ болгон инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча маалымат алмашышты. 

Андан сырткары, 2018-жылы Ош облусунда 1 млн $  ишке ашырылган IMZO бренд үлгүсүндөгү терезе, эшик чыгарган жана 1 млн $ ишке ашырылган Artel бренд үлгүсүндөгү кир жуучу машиналарды чогулткан жана дагы Кыргызстанда ишке аша турчу кошумча 2 долбоорду талкуулашты. 

Мындан аркы эки тараптык кызматташтык боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.