Кыргызстан менен Венгрия стратегиялык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүштү

5 октября 2021, 10:50

Будапештте 4-октябрь күнү кыргыз-венгрия стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө, штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышы жана фонддун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин этап-этабы менен толтуруу расмий түрдө жарыяланды. Өнүктүрүү фондунун алкагында Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор айыл чарба, туризм жана экономиканын башка тармактарында ишке ашырылат.

Ошондой эле, жакын арада Будапешттен Бишкекке түз аба каттамдарын ачуу маселесине көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин талкуулашты, анын кийинки жыйыны 2-3-ноябрда Будапештте өтүүсү пландаштырылган.