Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы ишкердик капиталга болгон кош салык жоюлду
Эл өкүлдөрү Кыргызстан менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы ишкердик капиталга кош салыкты жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалат.
Макулдашуунун негизги максаты - бир мамлекеттин резидентин башка өлкөдөн басмырлоочу салык салуудан сактоо.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан ушул сыяктуу макулдашууну 30 өлкө менен биргеликте жүргүзгөн.