Кыргызстан интернет эркиндиги боюнча коңшу өлкөлөрдү артка таштады

29 сентября 2020, 15:45

АКШдагы «Үй эркиндиги» (Freedom House) уюму тарабынан интернеттин эркиндиги боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан Тажикстандан бөлөк кошуна өлкөлөрдү артка таштап,  25-тизмекке илинди.

Казакстан 50-орунду, Өзбекстан – 56-орунду жана Кытай 56-орунду ээлеген.

 

«Freedom House жыл сайын 65 өлкөнүн интернеттеги эркиндигин текшерет. Рейтинг жүргүзүү учурунда интернеттин кошулуу ылдамдыгы, бөгөт коюу жана ошондой эле колдонуучулардын интернеттеги билдирүүлөрүнөн улам камакка алуу же кол салуу коркунучу сыяктуу критерийлер каралат», — деп белгилешти изилдөөдөн.

Кыргызстанга Partly Free статусу (жарым жартылай акысыз) берилген. Жалпы 100 баллдын ичинен 61 балл ыйгарылган.

Рейтингде төмөнкү үч башкы көрсөткүчтүн негизинде баалар коюлган:

  • Интернеттеги тоскоолдуктар;
  • Мазмунун чектөө;
  • Колдонуучунун укугун бузуу;

Интернеттин эркиндиги бюнча Испания, Эстония, Канада, Германия жана Австралия лидер аталышты. Кошумчалай кетсек, рейтинг эркин басылма, телерадиоберүү жана онлайн медиа эркиндигинин деңгээлин дагы  басым жасайт.