Кыргызстан ипотека жеткиликтүүлүгү боюнча 98-орунду ээледи

16 февраля 2021, 12:30

2021-жылы Кыргызстан ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча 109 өлкөнүн ичинен 98-орунду ээледи. Бул тууралуу Property Prices Index by Country билдирди.

 

Кыргызстанда ипотека боюнча ай сайын төлөм үй-бүлөнүн кирешесинен 2.6 эсеге жогору.

Белгилей кетсек, ЕАЭБ ичинен Кыргызстан ипотекалык жеткиликтүүлук боюнча акыркы орунда турат. Ал эми Россия 65-орунду ээледи, ипотекалык төлөм үй-бүлө кирешесинен 30.3% көп. Армения 93-орун, Белорусия 96-орунда.

Эң жеткиликтүү ипотека — Сауд Арабиясында, Пуэрто-Рико жана АКШда. Бул өлкөлөрдө ипотеканын ай сайын төлөөсү кирешенин 30% ашпайт.