Кыргызстандын КМШ өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсү 17% төмөндөдү

15 сентября 2020, 10:30

Кыргызстандын январь-июнь айларында КМШ өлкөлөр менен жүргүзгөн соодасы 1.2 млрд долларды түзүп, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 17 % төмөндөгөн. Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттердин аймактар ​​аралык жана чек ара кызматташтыгы боюнча кеңешинин 9-отурумунда стат-катчы Айдын Шаршеев билдирди. 

 

Анын айтымында, товар жүгүртүүнүн көлөмүнөн сырткары, КМШ өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү дагы 6.9% (13.67 млн доллар), муну менен катар жалпы үлүштөн 9.2% киреше түшкөн. 

 

«КМШ өлкөлөрү бул кырдаалдан чыгуу боюнча натыйжалуу жана координацияланган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн биргелешкен аракеттерди багыттоосу керек. Санарип технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү керек. Чек арада биргелешкен ишканаларды түзүп, биргелешип өнөр жайларды өнүктүрүү абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт», - деп билдирди стат-катчы.