Кыргызстандагы коомдук имараттарды жылуулоо үчүн Швейцария 2.66 млн доллар бөлдү
Швейцариянын бийлиги Кыргызстандагы коомдук имараттарды жылуулоо үчүн 2.66 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин сайтында маалымдалат.
Имараттардын басымдуу бөлүгү 20-30 жыл мурун салынган, ошондуктан көпчүлүгүндө кадимки заманбап жылытуу мүмкүнчүлүгү жок.
«Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору Чүй, Нарын, Ыссык-Көл, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы саламаттык сактоо жана коомдук имараттарды эффективдүү жылытуу жана электр энергиянын колдонуусун азайтууга багытталган.
Бөлүнгөн каражатка имараттарды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк банк жана Швейцария долбоорго 12.66 млн долларга каржылаган.