Жыл ичинде Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмү 2% жогорулаган

10 марта 2021, 12:30

2021-жылдын январь айында Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмү 151.5 млн долларды түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2% (148.5 млн долларга) жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Акча которуулардын башкы үлүшү Россияга — 146.9 млн доллар туура келет. Алыскы чет өлкөлөрдөн 4.1 млн доллар которулган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсеге жогору.