Кыргызстандын Кувейт менен аба каттамдары ишке кирди

10 сентября 2020, 13:15

Кыргызстандын Кувейт мамлекети менен аба каттамдары ишке кирди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Жарандык авиация агенттиги билдиргендей бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Бишкек - Эль-Кувейт» багыты боюнча каттай баштады.

Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир жолу - бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.