Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабык. Бажы кирешесине канчалык түрдө таасирин тийгизет?

14 марта 2020, 15:00

«ЕАЭБдин бажы салымдарынын ичинен Кыргызстанга 1,9% түшөт. Ошон үчүн Кыргызстандын Кытай менен чек арасы жабык болсо деле, бажы кирешесинин түшүп кетиши күтүлбөйт», - деп айтты 2020-жылдын 13-мартта өткөн маалымат жыйында экономика министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен бир гана Кытайдын чек арасы жабык. Мындан улам бажы кирешелеринин төмөндөшү күтүлбөйт. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеп турган республикалык штаб түзүлгөн.