Кыргызстандан Кытайга этти экспорттоо маселеси каралып жатат

13 января 2021, 12:45

Кыргызстанда этти Кытайга экспорттоо боюнча маселе талкууланууда. Мындай шартта өлкөдөн Кытайга күнүнө 50 тоннага чейин эт экспорттолот. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди. 

 

 

 

Бул үчүн Кытай мамлекети менен макулдашуу керектелет. 

Муну менен өлкөнүн тарнзиттик жөндөмдүүлүгү каралат. Себеби, эттин баасы кымбаттап кетпеши керек. 

«Мал-жандыктар башка өлкөдөн алынып келет дагы, өлкөдөгү этти кайра иштетүүчү ишканаларга чийки заттар жеткирилип турат. Андан сырткары, бул иш аракеттер кийинчерээк биздин фермерлерге жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Чийки заттын жеткиликтүүлугү боюнча маселе болбошу шарт», - деп билдирди министр.