Кыргызстанга 500 миң даана медициналык бет кап келет

31 января 2020, 17:00

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан тараган коркунучтуу илдетке байланыштуу өлкө боюнча дарыканаларды, фармакологиялык ишканаларды бир кишиге 20 гана медициналык беткап сатууга чакырууда.

Мекеме ошондой эле башка медициналык дары-дармек, жабдыктардын баасын кырдаалдан пайдаланып көтөрбөш керек экенин эскертет. Учурда Кыргызстан Түркиядан, Кореядан жана Индиядан медициналык беткап алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Дүйшөмбүдө 500 миң беткап келиши күтүлүүдө.