Кыргызстанда мейманкана жана тойканалардын кызматы 34.8% төмөндөгөн

19 июня 2020, 14:20

Кызмат көрсөтүү тармагындагы реалдуу өсүш январь-март айларында 8.3% төмөндөгөн. Мунун себеби, чекене сооданын көлөмү  (автоунаа жана мотоциклдердин сатылышынан сырткары) 13.9% төмөндөшү менен шартуу болгон. 

 

Мейманкана жана тойканалардын кызматы январь-май айларында 34.8% кыскарган. 

Почто жана курьердик ишмердүүлүк, 2019-жылга салыштырмалуу 17.7%  кыскарган. Байланыш кызматы тескерисинче 0.8% жогорулаган. 

Жүк ташуучу кызматтын көлөмү болгону 43.5% түзгөн. 

Транспорттун бардык түрү менен ташылган жуктүн көлөмү, 25.6% төмөндөгөн (2019-жылдын январь-май айына салыштырмалуу 2.6% түзгөн).