Кыргызстанда 2 миңден ашуун мектеп интернетке туташтырылган

25 августа 2020, 15:50

Кыргызстанда мектептердин 99%ы интернетке туташтырылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

 

«Мектептерди сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу иштери уланып жатат. Өлкө боюнча 2 миң 292 мектептин 99%ы интернетке туташтырылды. 14-августта өкмөттүн жыйынында интернет тартууга техникалык мүмкүнчүлүк жок делген 31 мектеп боюнча талкуулар болду. Учурда 9 мектепке интернет тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», - деди ал.