Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

22 сентября 2020, 17:15

Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу отурумдан кийинки маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал 21-сентябрдан тарта Россия менен аба каттам жанданганын белгилеп өттү.

«Бүгүн ал аба каттамдардын санын акырындап көбөйтүү маселесин сүйлөштүк», - деди ал.

Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук эпидемиолгиялык кырдаал турукташканына жараша аба каттамдардын санын көбөйтүүгө болорун билдирди.