Кыргызстандан Минск шаарына түз авиакаттамдар ачылат

25 марта 2021, 09:50

Белорусия Кыргызстандын авиарейстерди ачуу тууралуу сунушун колдойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси Эрмек Ибраимов менен Белорусиянын транспорт министрлигинин авиация боюнча департаментинин директору Артем Сикорский менен болгон жолугушууда маалым болду. 

 

Ибраимов Белорусия тарапка Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош эл аралык тынымсыз  аба каттамдарын жүргүзүү боюнча тиешелүү документтерди Avia Traffic Компаниясына берди.  

Кошумчалай кетсек, Белорусия авиакаттамдарды ачуу сунушун колдоого даяр.