Кыргызстандан мунай жана мунай продукцияларын ташууга убактылуу тыюу салынды

3 марта 2021, 09:50

Кыргызстандан ЕАЭБден тышкаркы үчүнчү өлкөлөргө мунай жана мунай продукцияларын ташууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү указга премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 

 

Бул чечим ички рыноктогу мунай жана мунай продукцияларына болгон бааны турукташтыруу максатында кабыл алынган. Убактылуу чектөө ички жана ЕАЭБдеги рынокторго мунай заты жетиштүү болгуча узартылат. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагынан 20 литрге жакын мунай ташып өтүүгө гана уруксат берилет. 

Эске сала кетсек. 4-мартта ОПЕК+ өлкөлөрү мунай казунун көлөмүн узартуу же төмөндөтүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алат.