Кыргызстандыктар ноябрда 1 млрд 716 млн кВт саат электр энергия колдонушкан

7 декабря 2020, 15:00

Кыргызстандын ноябрда электр энергиясын керектөөсү 1 млрд 716 млн кВт саатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы билдирет.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 716 млн 927 миң кВт саатты түздү.

2019-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 625 млн 586 миң кВт саатты түзгөн.